Айтматова жолдошу табылбай жатканына байланыштуу казак президентине кайрылды
“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жолдошу дайынсыз болуп жатканына байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге кайрылды. Ал бул “Твиттер” баракчасына жазды. “Мен - кыргызстандык активист Ширин Айтматова. Сиз жакында гана менин атамдын Бишкектеги музейине келип кеттиңиз. Бүгүн менин жолдошум Алматынын аба бекетинде дайынсыз жоголду жана мага эч ким жооп бербей жатат. Милиция дагы, Чек ара кызматы дагы. Жардам бериңиз!” деп жазды активист. Читать дальше...