Сыргак Кенжебаев эки айга камалды
Алматынын аэропортунан кармалган ишкер Сыргак Кенжебаев эки айга камалганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын жубайы, парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова кабарлады. УКМК азырынча буга байланыштуу расмий комментарий бере элек. Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда кармалганын 19-декабрдын кечинде "Твиттердеги" баракчасына жазган. Ал жолдошун белгисиз жарандар уурдап кетиши мүмкүндүгүн билдирип, казак президенти Касым-Жомарт Токаевден да жардам сураган. Читать дальше...