Германияда Косовонун жараны террорчуларга көмөктөшүү үчүн айыпталууда
Германиянын прокуратурасы Косовонун жаранына Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдоду деген айып такты. Бул тууралуу 16-декабрда кабарланды.
Шектүү адам июнда камакка алынгандан бери абакта отурат. Прокурорлордун айтымында, Хасан Б. аттуу киши 2016-2017-жылдар аралыгында террордук уюмдун Сириядагы жоочуларынын эсебине 11 жолу акча жөнөтүүгө көмөктөшкөн жана өз эсебинен да 3 сандуу каражат которгон, муну менен чет өлкөлүк террордук уюмду колдогон деп айыпталууда.
Ал ошондой эле 2015-жылы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында согушуу үчүн Сирияга жөнөгөн Македониянын жаранына акча которгону, ошол эле жылы уюмдун мүчөсүнө "Фейсбукта" баракча ачып бергени жана топтун үгүтүн жайылтууга жардамдашканы үчүн күнөөлөнүп жатат.
2012-жылдан бери Косовонун 400дөй жараны “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун тарабында согушуу үчүн Сирияга жана Иракка жол тартышкан.