АКШ Түркия менен Сирия чектешкен аймактан аскерин чыгарат
Кошмо Штаттар Сириянын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы Түркиянын аскердик операциясына катышпайт жана бул аймактардан жоокерлерин алып чыгып кетет. Бул тууралуу Вашингтон жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнү атайын билдирүү таратты. Мунун алдында АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган телефондон сүйлөшкөнү кабарланган. Ак үй тараткан билдирүүдө «америкалык жоокерлер өз милдетин аткарды, Сириянын түндүгүндөгү «Ислам мамлекети» террордук уюмун талкалады» деп айтылат. Читать дальше...