Делинин космостогу дымагы
Индия спутникти атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салды. Премьер-министр Нарендра Моди эми өз өлкөсү жогорку деңгээлдеги космостук технологиясы бар супер державага айланганын айтты. Аны улай коңшу Пакистан космосту жарыша куралдануунун чордонуна айлантпоого чакырды.