Трамп Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин тааныды
АКШ президенти Доналд Трамп 25-мартта Израилдин талаштуу Голан дөңсөөлөрүнө ээлигин тааныган документке кол койду. Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышып, Трампка ыраазычылык билдирди. Ал документти Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү аскердик жеңишин дипломатиялык утушка айландырган "чечкиндүү кадам" деп атады. Кол койгондон кийин Доналд Трамп АКШ мындай чечимди "ондогон жыл мурда эле кабыл алууга тийиш болчу" деп айтты. АКШ президенти 21-мартта... Читать дальше...