Лондондун үч башка жеринде "жарылуучу жабдык" табылды
Британиянын терроризмге каршы полициясы Лондондун ар кайсы жеринде табылган “кичинекей колго жасалган жарылуучу жабдыктарды” иликтеп жатканын билдирди. 5-мартта А-4 форматындагы баштыкка салынган жабдыктар "Хитроу" аэропортунда, Лондон шаардык аэропортунда жана Лондон-Ватерлоо поезд станциясында табылган. Шаардык полициянын Терроризмге каршы башкармалыгы окуяны мурдагы “ушул сыяктуу иштерге” байланыштырып, “анын себептерин караштырып жатканын” билдирди. Окуядан эч ким жабыркаган эмес, ошондой эле авиа жана поезд каттамдары токтогон жок. Читать дальше...