Якутияда мигранттар жапырт текшериле турганы кабарланды
Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасынын ички иштер министри Владимир Прокопенко мигранттарды жапырт текшерүү жүргүзүлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-мартта Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда айтканын республиканын Ички иштер министрлигинин сайты жазып чыкты. Анда Прокопенко миграциялык мыйзамдарга ылайык жүргүнчүлөрдү ташыгандар, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшериле турганын маалымдаган. Министрдин билдирүүсү Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин жасалды. Читать дальше...