Зидан: алдыдагы 11 оюндун баарын утушубуз керек
Мадриддик "Реалдын" башкы машыктыруучулугуна кайтып келген Зинедин Зидан Испания чемпионатына байланыштуу дымагын ачыкка чыгарды. - Ушул тапта “Ла Лиганы” жеңебиз деп айта албайм. Алдыда 11 оюн бар. Биз ошонун баарын утууну каалайбыз. Калганын ошондо көрө жатарбыз, – деди Зидан 15-марттагы алгачкы маалымат жыйынында. Ал командасын турнир аягына чейин ишенимди жоготпоого чакырды. 16-мартта "Реал" Виго шаарынын "Сельта" командасы менен беттешет. Зидан командада ким калып, ким кетерин азыр ойлонбой турганын... Читать дальше...