Караколдо автоунаа базарынын жанынан мектеп окуучусунун сөөгү табылды
Бул маалыматты «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 12-февраль күнү болжол менен саат 8.23 чамаларында Каракол ШИИБине автоунаа базарынын жанынан жаш жигиттин өлүгү табылганы тууралуу кабар келип түшкөн. - Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ал жерди караганда азия улутундагы, болжол менен 20-25 жаштагы, киши колдуу болуп өлгөн белгисиз адамдын сөөгү табылган. Читать дальше...