Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн Вьетнамга барды
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кездешүү үчүн Вьетнамга барган АКШ президенти Дональд Трампты 26-февралда Ханойдун Нойбай аэропортунан расмий өкүлдөр тосуп алышты. Андан кийин президенттик кортеж мейманканага кетти. Трамптын кайсы жерге токтогону айтылган жок. Эки лидердин жолугушуусунун алдында Вьетнамда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Вашингтондон Ханойго жол тартаардын алдында Трамп "Твиттерге" өзөктүк куралдан баш тарткандан кийин Түндүк Корея экономикалык өнүгүүнүн генератору болот деп жазды. Читать дальше...