Стамбулдагы кырсыкта каза тапкандардын саны 10го жетти
Түркиянын Стамбул шаарындагы көп кабаттуу үй кулаган кырсыкта дагы төрт киши каза тапканы аныкталды. Бул тууралуу Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликая билдирди: - Кулаган үйдүн астында калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Бүгүн кечинде дагы төрт кишинин сөөгүн алып чыктык. Тилекке каршы ушуну менен каза болгондордун саны 10го жетти. Кырсык 6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда болгон. Анда көп кабаттуу үй кулап ондон ашуун адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктын себеби боюнча расмий маалымат бериле элек. Читать дальше...