Трамп чек арага дубал куруу үчүн өзгөчө кырдаал жарыялай турганын айтты
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ менен Мексиканын чек арасына дубал куруу үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялай турганын билдирди. 15-февралда жасаган билдирүүсүндө Трамп мындай чечимди качан кабыл аларын так айткан жок, бирок анын бул кадамы дубал көтөрүүгө көбүрөөк акча тартыш үчүн Конгрессти кыйгап өтүүгө жол ачат. Конгрессте республикачылар менен демократтардын ортосунда жетишилген соңку макулдашууда чек арага тосмолорду орнотууга Трамп алгач сурагандай, 5,7 миллиард доллар эмес... Читать дальше...