Өмүркулов Карамушкинага: КСДП мүчөлөрүнүн укугу бирдей
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиялашы Ирина Карамушкинанын “Атамбаевсиз КСДП” аттуу жыйыны боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал партиянын бардык мүчөлөрүнүн укугу бирдей экенин айтып, ар кандай бөлүп-жарууну токтотууга чакырды: - Биздин бул партиялаштарыбыз мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн туруктуулугу үчүн бир киши катары чыгышкан. Алардын көбү борбордук аянтта жанын беришти. Муну эч качан унутпаш керек. Биз бардыгыбыз партия сүрөгөн талапкерди, президентти колдодук, бардыгыбыз добуш бердик. Читать дальше...