Пакистанда “Талибандын атасы” киши колдуу болду
Пакистандын маалымат каражаттары белгилүү диниятчы, “Талибандын атасы” деп атыккан Маулана Самиул Хак кол салуудан каза тапканын билдиришти. Жергиликтүү Geo News каналы маркумдун уулу Хамидул Хакка шилтеме берип кабарлагандай, 2-ноябрда белгисиз бир адам диниятчыны үйүнөн бычактап кеткен. Бирок Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, маркумдун орун басары Юсаф Шах жана жакын адамдарынын бири ал ок жегенин айтып беришти. 80 жашка чыгып калган Самиул Хак Хайбер Пахтунхва аймагында диний мектепти жетектеп турган. Читать дальше...