"Талибан" менен ооган өкмөтү 2019-жылы жарашарына үмүт артылды
Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын өкүлү 2019-жылдын 20-апрелине чейин “Талибан” менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүттөнүүдө. Залмай Халилзад мындай пикирин жекшембиде ооган журналисттерине билдирди. - Мен болжолдоп турган акыркы абал – тынчтык орногон Ооганстан; ийгиликтүү Ооганстан; өзүнө коркунуч жаратпаган Ооганстан, бул демек оогандардын ортосундагы тынчтык; ошондой эле эл аралык коомчулукка, мен АКШын атынан сүйлөп жаткандыктан, өзгөчө Кошмо Штаттарына коркунуч жаратпаган Ооганстан, – деди Халилзад. Читать дальше...