Ооган президенти мечиттеги жардырууну “исламга каршы” деп атады
Өлкөнүн чыгышындагы Хост провинциясында, аскерий базанын ичиндеги мечитте, жума намаз учурунда болгон жарылуудан ондогон киши мерт болду жана жаракат алды. Аймактан түшкөн соңку маалыматтарга караганда, жарылуудан кеминде он эки кишинин өмүрү кыйылды. Хост провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Талиб Мангалдын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына билдиргендей, жарылуудан дагы 33 киши жаракат алган. Башында айрым маалымат агенттиктери ооган расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап... Читать дальше...