Пакистандагы шайлоодо Имран Хандын партиясы алдыда келатат
Пакистанда 26-июлда өткөн парламенттик шайлоонун баштапык жыйынтыктарына ылайык, оппозиция лидери Имран Хандын "Техрик-е-Инсаф" партиясы алдыда келе жатат. "Reuters" агенттиги добуштардын 30 пайызы саналып бүткөнүн, Хандын партиясы 272 округдун 113үндө алдыга чыкканын билдирди. Азыр камакта отурган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистандын мусулмандар лигасы" партиясы 66 округда атаандаштарынан озуп чыкканы кабарланууда. Аталган партияны бул шайлоодо Шарифтин иниси Шахбаз жетектеп барды. Читать дальше...