Денис Тенди өлтүрүүгө шектелгендердин экинчиси кармалды
Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 20-июль күнү кечинде тараткан билдирүүсүндө айтылат. Ал Арман Кудайбергенов аттуу 23 жаштагы Кызылордо облусунун тургуну экени жазылган. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Алматынын Аксай кичирайонунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн. Бүгүн, 20-июлда эртең менен Тенди бычактагандардын дагы бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген. Читать дальше...