Москва: Пластикалык операция жасаткан кыргызстандык келиндин өлүмү иликтенүүдө
Москвада жыныстык органына пластикалык операция жасатам деп барып каза тапкан кыргызстандык келиндин окуясы Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен бирге иликтенүүдө.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 26-июлда маалымдаганына караганда, окуя 23-июлда болгон. Операция Кыргызстандан барган, кийин, 2010-жылы орус жарандыгын алган адам иштетип жаткан “АсклепийМед” клиникасында жасалган.
Алдын ала маалыматка караганда, 40 жаштагы келиндин өлүмүнө ага операция учурунда Лидокаин сайылганы себеп болгон. Ийне сайган келин да 40 жашта экени, ал Кыргызстандан барып иштеп жатканы аныкталды.
“АсклепийМед” Москвада 2017-жылдын 5-декабрында каттоого алынган, бирок "Росздравнадзор" мекемесинин жана Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин уруксатын албай иштеп жүргөнү маалым болду.
Бул клиникада жыл башынан бери Борбор Азиядан барган 95 келин аборт жасаткан. (RK)