Африкада орусиялык журналисттер курман болду
Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза тапканын «Дождь» телеканалына «Иликтөөлөр борборундагы» эки башка булак бышыктады. Чыгармачыл топ «Вагнердин аскердин жеке компаниясы» жөнүндө документалдуу тасма тартып жүргөн. Алардын курман болгонун Улуттар Уюмунун Борбордук Африка Республикасындагы миссиясы дагы ырастады. Чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулган. Андан ары эмне болгону белгисиз. Читать дальше...