Тажикстандагы автокырсыкта төрт чет өлкөлүк мерт болду
Тажикстандын түштүгүндө жекшемби күнү чет өлкөлүк велосипедчилер тобун автоунаа сүзүп кетип, андан төрт адам каза тапты. Дагы үч чет өлкөлүк жаран жеңил жаракат алганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кырсыкка себепчи болгон айдоочу окуя болгон жерден унаасын айдап качып кеткен. Бирок окуядан көп өтпөй 21 жаштагы жигит кармалганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү каза тапкандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин айтыша элек. АКШнын Душанбедеги элчилиги каза тапкандардын... Читать дальше...