Ооганстанда ок атууну токтотуу макулдашуусуна карабай жардыруудан 11 адам мерт болду
Ооганстанда орозо айтка байланыштуу ок атууну токтотуу режими күчүнө киргенден бир нече саат өтпөй төрт жерде бомба жарылып, кеминде 11 адам набыт болду. Ондон ашык адам жараат алды. Өлкө түштүгүндөгү Кандагар провинциясында Панжавай районунда жол боюна катылган бомбанын жарылуусунан беш киши каза болду. Алардын ичинде балдар жана аялдар бар. Ошондой эле Майванд районундагы жардыруудан беш киши, Кундуз аймагындагы жардыруудан дагы эки адам ажал тапты. Бул теракттар үчүн жардырууну эч ким моюнуна ала элек. Читать дальше...