Мекендештер жаңжалда жабыркагандарга онлайн жардам көрсөтүүгө даяр
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга чет жактагы кесипкөй психолог мекендештер онлайн жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Германиядагы кыргыз диаспорасынын активисти Калыгул Жунушбеков «Азаттык» радиосуна билдирди. Францияда, АКШда, Германияда, Түркияда жана Канадада эмгектенген мекендештер чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго жана жалпы эле бул кырдаалда моралдык-психологиялык жактан запкы жегендерге жардам көрсөтүү үчүн Интернетте атайын портал ачышты. Читать дальше...