Токмокто үй-бүлөлүк чырдан үч адам бычак жеди
Токмок шаарында милиция үй-бүлөлүк чырдан улам үч адамдын бычакталышы боюнча окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу 14-октябрда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 12-октябрда болгон. Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракат менен үч адам түшкөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган. Читать дальше...