Комендатура: Бишкекте абал туруктуу
Бишкек шаардык комендатурасынын 14-октябрга карата берген маалыматына караганда, борбор калаада түн тынч өттү. Коомдук тартипти бузган эч кандай фактылар катталган жок. Милиция жана аскер кызматкерлери Элдик кошуундун мүчөлөрү менен чогуу коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун, жеке жана мамлекеттик мүлккө кол салуу аракеттери болгон жок. Бардык мекеме-ишканалар менчиктин түрүнө карабай иштеп жатышат. Көчөлөрдө коомдук транспорт үзгүлтүксүз каттоодо.
Акыркы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков эки ирет жарлык чыгарды. Алгач 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде комендатура түзүлгөн. Аны ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектей баштаган. Коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин болоору айтылып, Бишкектин ичинде жана четинде 15 блокпост орнотулган. Бул жарлык парламент тарабынан үч күн ичинде каралбаганына байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. Президенттин жарлыгын Жогорку Кеңеш 13-октябрдагы отурумунда карап, колдоп берген.
Өзгөчө абалдын талаптарына ылайык, борбор калаа аймагында саат 22:00-5:00 аралыгында коменданттык саат киргизилет. Шаар аймагында күндүз дагы массалык иш-чараларды, пикет, митинг, жүрүшкө чыгууга уруксат жок.(ZKo)