Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди
Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Бул тууралуу Кулов "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Ал белгилегендей, парламенттин кезексиз жыйынында кворум болгон жок. "Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек.... Читать дальше...