Президент Үсөнбек Ниязбековго ыйгарылган медалды анын үй-бүлөсүнө тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүн кабыл алып, ага ыйгарылган «Эрдик» медалын тапшырды. 6-сентябрда мамлекет башчы менен жолугушууга Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева, жубайы Назира Базарбаева, бир тууганы Асанбек Ниязбеков жана уулу Тимур Ниязбеков келди. Президент аларга көңүл айтып, Үсөнбек Ниязбеков бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга... Читать дальше...