Көчмөндөр: "Манас ордосу" шаңга бөлөндү
Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында бүгүн маданий программалардын расмий ачылышы болду. Иш-чара кыргыз улуттук “Манас ордо” комплексинде өтүп жатат. Ал жакта коноктор үчүн 300гө жакын боз үй тигилип, концерттик программалар менен коштолууда.