Тажик өкмөтү Рогун ГЭСине 2019-жылы 222 миллион доллар бөлөт
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстандын парламенти 23-ноябрда өлкөнүн 2019-жылкы бюджетин бекитти.
Каржы министри Файзиддин Каххорзоданын парламентте билдиргенине караганда, Рогун ГЭСинин курулушуна 2019-жылы бюджеттен 2 млрд. 100 млн. сомони же 222 млн. доллар бөлүнгөн.
Бул ГЭС курулушуна бюджеттен быйыл ажыратылган акчадан 100 миллион cомониге көп.
Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты быйыл 16-ноябрда пайдаланууга берилди. Президент Эмомали Рахмон ошол азем учурунда жарыялагандай, ГЭСтин экинчи агрегаты 2019-жылы иштей баштайт.
Рогун ГЭСинин курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендик алгандан кийин токтоп калган. Тажик өкмөтү 2016-жылы италиялык "Salini Impregilo" компаниясы менен макулдашууга кол коюп, ГЭСтин плотинасын куруу иштери жанданган. Бул макулдашуу 3,9 миллиард долларга бааланган.
Тажикстандын 2019-жылга бюджети 23 млрд 774 млн сомони деп белгиленди. Бул 2,5 миллиард долларга барабар. Учурда Тажикстандын банктарында бир АКШ доллары 9,43 сомониге сатылууда. (UE)