Мьянмадагы суу ташкындан миңдеген кишилер үй-жайын таштап кетти
Мьянмадагы суу ташкындан элүү миңден ашык тургундар үйүн таштап кетүүгө аргасыз болууда деп билдирди Reuters агентиги. Маалыматка ылайык, он миңдеген турак жай суу астында калып, бир нече көпүрөнү сел алып кетти, өлкөнүн борбордук аймагында жолдор, инфраструктура жана күрүч талаалары жабыркады. Өлкөнүн куткаруу кызматы дарыя жана суу топтолгон жайлардан тез арада көчүп кетүүгө чакырууда. Анткени суунун деңгээли эң жогорку чекке жетти. “Кызыл чырымдын” жергиликтүү бөлүмү кырсыктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүп... Читать дальше...