Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргой турган кызмат түзүлөт
Өзбекстанда мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүлөт. Бул тууралуу 17-июлда президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда жалпы орто билим системасын өнүктүрүү жана реформалоо маселелерине арналган жыйын учурунда белгилүү болду. Иш-чарада түрдүү көзөмөл органдарынын мугалимдердин ишин текшерүүсүн чектөө, педагогдорду ар кыл жыйындарга жана тазалык иштерине мажбурлап тартууну токтотуу белгиленди. Ошондой эле мугалимдердин укугун коргоо боюнча атайын кызмат түзүү тапшырмасы берилди. ... Читать дальше...