БУУнун Коопсуздук кеңеши Африндеги кырдаалды талкуулайт
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Франциянын өтүнүчү менен Сириянын Африн аймагындагы гуманитардык кырдаалды талкуулаганы жатат. 20-январда Түркиянын армиясы күрттөр көзөмөлдөгөн бул аймакта аскердик операциясын баштаган. Коопсуздук кеңешинин жыйыны 22-январда Нью-Йорк убактысы боюнча 11:30да башталат. Анда Сирия өкмөтүнүн Идлиб жана Чыгыш Гута аймактарындагы аскердик операциялары тууралуу да сөз болот. Түркия АКШ колдогон күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуунун (YPG) Африн аймагынан сүрүп чыгууну көздөп жатат. Читать дальше...