Милиционердин өлүмүнө шектүүлөр кыйноо көргөнбү?
Ошто "милиция кызматкерин өлтүрдү" деп шек саналган кишинин жубайы укук коргоо органдарынан өзү жана үй-бүлөсү кыйноо көргөнүн айтып бийликке кайрылды. Ал күйөөсүнө "айыпты кыйнап туруп коюшту" деген пикирде. Ош шаардык милициясы бул айтылгандарды жазадан кутулуу амалы катары баалап жатат.