Роза самап күткөн уулун көрө алган жок
Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарган аялдын өлүмүнүн чоо-жайын иликтеш үчүн комиссия түздү. 15-январда операция жолу менен төрөгөндөн кийин абалы оорлоп кеткен Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Роза Жусубалиева 20-январда эсине келбей каза тапкан.