Жаңы конуштарда абанын зыяндуулугу нормадан 3,4 эсе көп
Бишкектин четиндеги Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында абадагы зыяндуу заттар нормадан 3,4 эсе көп. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти. Агенттиктин кызматкерлери аталган конуштардын абасын изилдегенде азоттун диоксиди 1,4төн 3,4 эсеге чейин көп экени аныкталган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкектин четиндеги 47 конуштун баарынын абасын изилдемекчи. Алардын маалыматы боюнча борбор калаанын абасынын булганышына жаңы конуштардан жана автоунаалардан чыккан түтүн негизги себеп болууда.
Экологдор болсо абанын булганышын өлчөгөн жабдыктар жетишсиз болгондуктан зыяндуу заттардын пайыздык үлүшүн так аныктоо мүмкүн эместигин айтып келишет. (UEz)