Монголиянын Хубсугул көлүндө 6,8 даражага жеткен жер титирөө болду
12-январда эртең менен Монголиянын түндүк-батышындагы Хубсугул (монголчо: Хөвсгөл – Hövsgöl) көлүнүн аймагында 6,8 даражага жеткен кубаттуу жер титирөө болду. Бул аймак Орусияга чектеш келет жана Чыгыш Саян тоолорунун этегинде жайгашкан. АКШнын геологиялык иликтөө борборунун маалымдашынча, жер титирөөнүн чордону Хубсугул көлүнүн таманында орун алды. Бул жер титирөө чордону Орусиянын Иркутск шаарынан 200 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Жер силкинүү көл таманында 10 чакырымдай тереңдикте орун алды. Читать дальше...