Баткендеги эвакуацияланган жарандар үйүнө кайта баштады
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгон тургундар үйлөрүнө кайта баштады. Баткендеги президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, 29-январга оогон түн чек ара аймактарында тынч өттү. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кырдаал туруктуу экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген. Читать дальше...