Бишкекте таксистти карактап кеткендер кармалды
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы таксистти карактап, машинесин тартып алган шектүүлөр кармалганын кабарлады. Кылмышка шектүү 18 жаштагы жана 20 жаштагы эки адам Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен айыпталып тергөө абагына камалды. Милициянын маалыматына ылайык, арыз ээсин 1-январга караган түнү саат 2лер чамасында Бишкек шаарынан бейтааныш балдар такси катары чакырып, Аламүдүн районуна жеткирүүнү суранышкан. Белгиленген жерге барган учурда айдоочуну кур менен муунтуп, сабап... Читать дальше...