Түркия түркмөн президентин сындаган активистти бошотту
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келе жаткан түркмөн активистти Дурсолтан Таганова Стамбулдагы депортация борборунан бошотулду. Бул тууралуу Таганованын адвокаттары "Түркмөнстан хроникасы" басылмасына билдиришти. Алардын айтымында, 30 жаштагы активист 29-сентябрда бошотулган. Бирок ал депортация болору же Түркияда калары белгисиз. 27-сентябрда Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору түрк полициясы Таганованы камакка алганын, ал Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүн экенин билдирген. Читать дальше...