Орусия: Мыйзам бузуулар менен коштолгон шайлоо
Орусияда үч күнгө созулган парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгон бул шайлоодо да бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы алдыга чыгары күтүлүп жатат. Өлкө боюнча добуш берүүгө катышкандардын саны кечки алтыга чейин 45% түздү.