Аксыда сел бир нече кишини агызып кетти
12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, жети кишини агызып кетти. Алардын бешөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди. "Саат 22:00дө беш кишинин сөөгү табылды, экөө изделип жатат", - деди Султанмуратов. Издөө иштерин ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө. (TB)