Кадр саясаты: орун алмашуу жана иштин сапаты
Кыргызстандын райондорунун дээрлик бардыгында акимдер жаңыланып, ротацияланды. Бийлик бул аракет "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу максатын көздөөрүн белгилеп жатат. Ал эми бүгүн парламентте төрт ай мурда бекиген өкмөттүн мамлекеттик органдардын ишин уюштурудагы соңку кадамдары, аракеттери ырааттуу болбой жатканы тууралуу сындар айтылды.