УКМК: Баткендеги май куюучу бекетке Ташиевдин тиешеси жок
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы эркин журналист Али Токтакуновдун Баткендеги май куюучу бекеттер тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда Баткендеги май куюучу бекеттердин бири УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт деп айтылат. “Томас жана Ко” компаниясы Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгон. Чагымчыл адамдар атайын кызматтын жана УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында элге туура эмес маалымат таратып жатат. Читать дальше...