Республикачылар Трампты миллиондогон америкалыктардын түйшүгүн жеңилдетчү мыйзам долбооруна кол коюуга чакырууда
27-декабрда АКШнын Республикачылар партиясынын мыйзамчылары президент Дональд Трампты COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюуга багытталган мыйзам долбооруна тез арада кол коюуга чакырышты. Бул мыйзам долбоору жумушсуздук үчүн миллиондогон америкалыктардын каржылык көмөк алуусу жаатында өкмөткө каражат табууга уруксат кылмак. 22-декабрда президент Трамп буга чейин АКШ Конгрессинин эки үйүндө тең жактырылган мыйзам долбооруна кол койбой турганын айтып, Конгресстеги далай саясатчыларды дендароо кылды. Читать дальше...