АКШ элчиси Матраимовдорго байланыштуу иликтөөнү өткөн 18 айдын маанилүү окуясы деп атады
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөөнү атады. Мындай пикирин 5-декабрда "Интерньюс" уюмунун журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгын ыйгарган аземинде айтты. "Өткөн сыйлык тапшыруу аземинен бери акыркы 18 айда кайсы окуя Кыргызстандагы жаңылыктардын эң маанилүүсү болду? Шайлоо? Коронавирус? Революция? Жок. Акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – "Раим миллиондун" кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Читать дальше...