БАЭ: Мигранттарга берилген беш миллион сомдун дареги
10-майда Дубай шаарынан Бишкекке 180ге чукул кыргызстандык учуп келери кабарланган. Буга чейин эки жолу чартердик каттам уюштурулуп, кыргыз жарандары мекенине келишкен. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугу кыргыз диаспорасынын активисттери менен бирге пандемия маалында ишсиз калып, жардамга муктаж болгон мигранттарга колдоо көрсөтүп жатат.