Чеченстанда өспүрүмдөр мечит тууралуу жазышканы үчүн жеме угушту
Чеченстанда «Грозный» мамлекеттик телеканалы, жоон топ адамдар аталаш бир тууган өспүрүмдөр Адам жана Могамед Исмаиловдорду катуу жемелеп жатканы тартылган сюжет көрсөттү. Жемелеп жаткан тарап Акмат Кадыров атындагы полициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командири Замид Чалаев баштаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана аткаминерлер болгон. Алар Исмаиловдорду «социалдык тармактарда «Мусулмандардын сыймыгы» деп аталган мечитти курууда күмөндүү акча колдонулганы тууралуу жазып, эч кандай негизи жок, ачык каралады» деп айыпташууда. Читать дальше...