Атамбаев: Бийликте турганымда Матраимовдун иштерин билген эмесмин
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун жасаган иштеринен кабарсыз болгонун билдирди. Бул тууралуу 8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте уюштурган митингде сүйлөп жатып айтты жана ошол кездеги аткаруу бийлигин "Матраимовдун мыйзамсыз иштерин мага жеткирбегенге аракет кылган" деп күнөөлөдү. Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп, Матраимовдорду калкалап жатканын айтты. Читать дальше...