Мэй Путинди "жоопкерчиликсиз аракеттерди" токтотууга чакырды
Жапониянын Осака шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын лидери Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мэй Путинге эки өлкөнүн алакалары Москва башка жолду тандаганда гана оңолушу мүмкүн экенин айтты. Ал ошондой эле орус президентин эгерде мурдагы орусиялык агент Сергей Скрипал менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу начарлап кеткен эки өлкөнүн алакаларын жакшыртууну кааласа, "жоопкерчиликсиз жана дестабилдештирүүчү аракеттерди" токтотууга үндөдү. Читать дальше...